Бүгүн, 6-декабрда Кыргызстандын коргоо министри, генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов жетектеген Коргоо министрлигинин делегациясы Тажикстандын Гулистан шаарына жумушчу сапары менен барды.
Аталган ведомствонун маалыматына караганда, коргоо министри, генерал-лейтенант Б.Бекболотов Тажикстандын коргоо министри генерал-полковник Шерали Мирзо менен менен жолугушуп, эки тараптуу аскердик кызматташтыктын учурдагы актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз