Ташиев: Базардын кожоюндары соодагерлерге шарт түзүп бербесе, алардын мүлкү мамлекетке өтөт

Ташиев: Базардын кожоюндары соодагерлерге шарт түзүп бербесе, алардын мүлкү мамлекетке өтөт

«Эгерде базар ээлери соодагерлерге жакшы шарт түзүп бербесе, соода-сатык комплекстерин мамлекетке алып коебуз», — деп билдирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, 6-декабрда УКМКнын Аламүдүн райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде.

«Эгерде соодагерлерге жакшы шарт түзбөсө, ижара акысын азайтпаса, эл менен эсептешпесе, базарларды мамлекеттин менчигине кайтарып алууга саясий эркибиз жетет», — деди К.Ташиев.

УКМКнын төрагасы базар ээлеринен салыктарды жана жашырылган каражаттарды чогултууга даяр экенин билдирди.

«Керек болсо базарларда иштегендерге мамлекет контейнерлерди бекер берет. Салык төлөп, иштете бергиле деп айтабыз”, – деди К.Ташиев.

УКМКнын төрагасы базар ээлерине эскертүү берип, соодагерлерге шарт түзүп, ижара акысын арзандатып, жолдорду оңдоп, инфраструктураны жакшыртуу зарылдыгын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>