Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Кыргызстан менен Улуу Британия менен укуктук чөйрөдө кызматташат
15.03.2024 | 19:15
Юстиция министри Аяз Баетов жана Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер укуктук чөйрөдөгү кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Тараптар эки өлкө ортосундагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
Өзгөчө көңүл эл аралык корпоративдик жана транзакциялык укук жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгына бурулду. Министр аталган маселелер боюнча жумушчу топ үчүн окутуу иш-чараларынын алкагында активдүү тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып, тараптар жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө жалпы үмүттөрүн билдиришти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат