Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда аба каттамын ачууну укуктук жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.
«2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Венгриянын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору өкмөт башчы тарабынан демилгеленген.
Мыйзам долбоор менен Жарандык авиация мамлекеттик агентигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов тааныштырган. Анын айтымында, макулдашууну ратификациялоо үзгүлтүксүз каттамдарды, анын ичинде жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана почтаны ташууда укуктук негиздерди түзөт.
«Түз аба каттамынын ачылышы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы бардык негизги тармактарда кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө өбөлгө болору шексиз», — деген ал.