Кыргызстан миграциялык саясат боюнча Филиппин менен кызматташат

Кыргызстан миграциялык саясат боюнча Филиппин менен кызматташат

Эр-Риядда өтүп жаткан эмгек рыногу боюнча Глобалдык конференциянын алкагында Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров Филиппин Мамлекетинин эмгек мигранттары министри Ханс Лео Какдас мырза менен жолугушту.

Аталган ведомтвонун маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө эмгек миграциясы жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды.

Министр Равшан Сабиров Филиппин өкмөтүнүн эмгек миграциясын жөнгө салуудагы жетишкендиктерин жогору баалап, «Филиппин тажрыйбасы» жарандарды өнүккөн өлкөлөргө ишке ийгиликтүү даярдоодо жана жөнөтүүдө гана эмес, мигранттардын укуктарын жогорку натыйжалуу коргоодо да үлгү экенин белгиледи.

Буга байланыштуу министр миграциялык процесстерди башкарууда тажрыйба алмашуу үчүн кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>