ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Кыргызстан мөңгүлөрдүн 30 пайызын жоготту
24.06.2024 | 18:07
Тянь Шань тоолорундагы 4 миң метрге чейинки мөңгүлөр эрип кетип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Илимдер Академиясынын Суу проблемасы жана гидроэнергетика институнун директору Догдурбек Чонтоев билдирди.
Ал Борбордук Азия аймагында акыркы 30 жылда күн 3 градуска ысыганын белгилейт. Анын жыйынтыгында 4 миң метрге чейинки жердеги мөңгүлөрдүн 30 пайызы эрип жок болду.
“Алар топтолуп, тоодогу, ашып кетүү коркунучун жараткан көлдөргө айланды. Буга чейин мындай көлдөрдүн саны 2600дөй болсо, азыр тынбай өсүп жатат. Алардын калк жашаган аймакка жакын жайгашышы коркунучтуу”, – дейт илимпоз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом