Кыргызстан менен АӨБ Нарын облусун суу менен камсыздоо боюнча 38,8 млн долларлык келишимди ратификациялады

Кыргызстан менен АӨБ Нарын облусун суу менен камсыздоо боюнча 38,8 млн долларлык келишимди ратификациялады

Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Нарын облусун суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү программасынын алкагында Кредиттик жана Гранттык макулдашуулар ратификацияланды. Тиешелүү документке Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Макулдашууларда Нарын облусунун 23 калктуу конушунда калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана локалдуу-тазалоочу жабдууларды орнотуу каралган.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 38,8 млн доллар суммада каражат берилет. Анын ичинде:
– грант  түрүндө – 5,35 млн доллар;
– кредит түрүндө – 27,0 млн доллар;
– Кыргызстандын кошо каржылоосу – 6,45 млн доллар.

Азия өнүктүрүү банкы кредитти 32 жылдык мөөнөткө берген. Ал эми программаны 6 жылда ишке ашыруу каралган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>