Кыргызстан быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 30 лицензия алууну көздөөдө. Бул тууралуу парламентте маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирди.
«Быйыл Олимпиада жылы. Биз олимпиадага катуу даярданып жатабыз. Азыр 6 лицензия бар. Майдын аягына чейин 30дай лицензия алууга аракет кылып жатабыз», — деди ал.
Эскерте кетсек, Олимпиада оюндары быйыл 24-июлдан 11-августка чейин Франциянын борбору Парижде өтөт.