Кытайда биринчи кыргыз соода-өндүрүш паркын ачкан мигрант

Кытайда биринчи кыргыз соода-өндүрүш паркын ачкан мигрант

Март айында Шеньян шаарында биринчи кытай-кыргыз соода-өндүрүш паркы ачылды. Анын аймагы 2 миң чарчы метр. Кеңселер, кампалар жана өндүрүштү түзүүгө ылайыктуу орундар бар.

Парктын негиздөөчүсү Ыманбек Суранчиев  Reporter.kg’ге Орусияда 17 жылдык миграциялык жашоосу, кыргыз соода-өндүрүш паркынын максаттары жана ишкерлерге пайдасы тууралуу айтып берди.

Ал 2007-жылы 19 жашында Орусияга барып, эл аралык укук жана экономика жаатында билим алууга киришет.

“Студен кезде курьер болдук, ресторанда, дүкөндө иштеп,  ар кандай жумушту аткардык. Мекендештерибиз баштан өткөргөн кыйынчылыктары мен да көрдүм. Кыскасын айтканда миграциянын азабын жоон терим менен сездим десем болот”, — дейт ал.

Орусиялык ар кандай юридикалык компанияларда иштеп, тажрыйба топтоп, өзүнүн жеке компаниясын түптөйт. Анда учурда 10го жакын юрист иш алып барат. Бир кезде өзү жалданып иштеген мигрант эми жергеликтүү тургундарга жумуш орун түзүп, Москвада окуган кыргызстандык студенттерге практикадан өтүүдө колдоо көрсөтүп келет. Албетте Орусияда эмгектенген мекендештердин укуктарын коргоо юридикалык компаниянын приоритеттуу багыты.

“Мигранттар көбүнчө каттоого туруп, эмгек келишимин түзүүдө калпыстыкка жол берет. Анан айлыгын ала албай кыйналышат. Укук, мыйзам жагынан билим керек», — дейт ал.

Ыманбек Суранчиевдин айтымында, баңгизат менен кармалып, эркинен ажыратылып жаткан жаштардын маселеси дагы оор бойдон калууда.

«Акыркы жылдары баңги зат менен кармалган жаштар көп. Алардын дагы укуктарын коргогон учурлар болду. Орусияда иштеп жүргөн үй-бүлөлөр ортосунда келишпестиктер чыгат. Атасы тарабынан зордукталган кыргыз кыздын укугун коргодук. Бөтөн элде жүргөндө мекендештерибиз этият жана жоопкерчиликтүү болсо. Мурдараак кыргызстандык юристтер аз болчу, азыр көбөйүп калды», — дейт юрист.

Ыманбек Суранчиев акыркы бир жылдан бери Кытай тарап менен иштешип, мартта Шеньян шаарында биринчи кытай-кыргыз соода-өндүрүш паркын ачты. Бул демилгени Кыргызстандын Экономика министрлиги дагы кубаттады. Аталган парк кыргыз ишкерлерине Кытайдын аймагына бажы төлөмдөрсүз кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Товарды Кыргызстандан Кытайга биздин зонага алып келсе, анда эч нерсе төлөбөйт. Качан гана бул жерден алып чыкканда төлөйт. Ага чейин парктын кампасында сактап турат. Биз ага кардар таап, сатыкка чыгарууга көмөктөшөбүз. Андан сырткары ал жерде кайра иштеп чыкканга мүмкүнчүлүк бар. Чийки затты алып келип, бул жерде аны кайра иштетип же таңгактап, сатканга даярдаса болот», — дейт ал.

Парктан товарды Кытай аркылуу башка өлкөлөргө экспортко чыгарууга дагы болот. Бондалык зонаны азырынча орус ишкерлери колдонууда. Ыманбек Суранчиев кыргыз бизнеси дагы кызуу артып, экспорт үчүн жаңы рынокторду ачуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт деген пикирде.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>