Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Кыргызстан Олимпиада оюндарына 30 лицензия алууну көздөөдө
04.04.2024 | 12:50
Кыргызстан быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 30 лицензия алууну көздөөдө. Бул тууралуу парламентте маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирди.
“Быйыл Олимпиада жылы. Биз олимпиадага катуу даярданып жатабыз. Азыр 6 лицензия бар. Майдын аягына чейин 30дай лицензия алууга аракет кылып жатабыз”, – деди ал.
Эскерте кетсек, Олимпиада оюндары быйыл 24-июлдан 11-августка чейин Франциянын борбору Парижде өтөт.