Кыргызстан Орусияга 3,5 эсеге көп автомобиль жеткирди

18.01.2024 | 10:02

Кыргызстан Орусиянын автомобиль жеңил унаа импортерлорунун тизмесинде экинчи орунга чыкты. Бул тууралуу орус медиасына таянып “Акчабар” жазды.

Маалыматта соңку бир жылда Орусияга 1 миллиондон ашык жеңил унаалар  алынып келинип, анын көбү Кытайдан ташылганы айтылат.

Өткөн жылдын декабрь айында Кытай жалпы импорттун 76,1%ын түзгөн. Кытайдан кийинки орунда 17,4% менен Кыргызстан турат.

Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 11 айында Кыргызстандан Орусияга 4,2 млрд сомдук жеңил унаалар экспорттолгон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 эсеге (1,2 млрд сом) көп.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылы орусиялык автонасыя алуучулар Кытайда чыгарылган унааларга суроо-талапты дээрлик төрт эсеге көбөйткөн. Жылдын акырына карата банк тарабынан берилген бардык жаңы автонасыялардын 60%га жакыны кытайлык бренддерге туура келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top