Кыргызстан Орусияга 3,5 эсеге көп автомобиль жеткирди

Кыргызстан Орусияга 3,5 эсеге көп автомобиль жеткирди

Кыргызстан Орусиянын автомобиль жеңил унаа импортерлорунун тизмесинде экинчи орунга чыкты. Бул тууралуу орус медиасына таянып «Акчабар» жазды.

Маалыматта соңку бир жылда Орусияга 1 миллиондон ашык жеңил унаалар  алынып келинип, анын көбү Кытайдан ташылганы айтылат.

Өткөн жылдын декабрь айында Кытай жалпы импорттун 76,1%ын түзгөн. Кытайдан кийинки орунда 17,4% менен Кыргызстан турат.

Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 11 айында Кыргызстандан Орусияга 4,2 млрд сомдук жеңил унаалар экспорттолгон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 эсеге (1,2 млрд сом) көп.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылы орусиялык автонасыя алуучулар Кытайда чыгарылган унааларга суроо-талапты дээрлик төрт эсеге көбөйткөн. Жылдын акырына карата банк тарабынан берилген бардык жаңы автонасыялардын 60%га жакыны кытайлык бренддерге туура келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>