Кыргызстан өзбек-афган чек арасындагы соода борбордон павильон сатып алды

Кыргызстан өзбек-афган чек арасындагы соода борбордон павильон сатып алды

Кыргызстан Өзбекстандагы «Термез» эл аралык соода борборунан павильон сатып алды. Бул тууралуу Кыргызстандын коңшу мамлекеттеги Соода өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, павильонду сатып алуу менен Кыргызстан айыл чарба азыктарын, өнөр жай продукцияларын жаңы базарларга сатып, экспортун арттырат. Өлкөдөгү ишкерлерге Афганистандагы жана коңшу мамлекеттердеги ишкерлер менен түз байланыш түзүүгө мүмкүндүк болот.

«Термез» эл аралык соода борбору Өзбекстанда Афганистан менен болгон чек арага жакын жайгашкан.

Белгилей кетсек, аталган соода борбор быйыл августтун аягында Өзбекстан менен Афганистандын өкмөт башчыларынын катышуусунда ачылган. Ал жерге афганистандыктарга жана башка чет элдиктерге 15 күнгө чейин визасыз жүрүүгө, иштөөгө уруксат берилген.

«Талибан» Өзбекстандан «Термез» соода борборунда музыка коюуну токтотууну суранды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>