Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Кыргызстан Өзбекстандан 15,6 долларга килем сатып алган
03.11.2022 | 14:32
Кыргызстан быйыл тогуз ай ичинде Өзбекстандан 15,6 млн долларга килем сатып алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, быйылкы тогуз айда Өзбекстан чет жактарга 26,6 млн долларга килем саткан. Былтыркыга караганда ал 4,2 млн долларга кем.
Өзбекстандан эң көп килем сатып алган өлкө Кыргызстан болгон. Кыргызстан 15,6 млн долларга, Азербайжан – 3,6 млн, Афганистан – 2,6 млн, Россия – 2,5 млн, Казакстан – 1,1 млн жана Тажикстан 401 миң долларга килем сатып алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом