Депутаттар Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алышты

Депутаттар Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алышты

Бүгүн, 3-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кенештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев мыйзам долбоору аркылуу колдонуудагы мыйзамга редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөр кирип жатканын айтты.

Талкуу маалында депутаттар айыл чарба тармагына тиешелүү бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү. Депутат Балбак Түлөбаев айыл чарба министринин орун басарына кайрылып, Жети-Өгүз, Тоң райондоруна быйыл таратылган буудай үрөөнүнүн түшүмүн тегирмендер албай жатканын маалымдады.

“Дыйкандар эмне кылат? Бул маселени министрлик кантип чечесиңер, элге так жообун бергиле”, – деди депутат.

Ушундай эле көйгөйлөргө токтолгон депутат Кундузбек Сулайманов картошканын баасы өтө төмөндөп кеткенине байланыштуу, тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды.

Депутат Марат Мураталиев Талас облусунда кант кызылчасын кабыл алууда көйгөйлөр көп экенин айтып, “Мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканаларды жана гендик модифицирленген (өзгөртүлгөн) организмдерди аныктоо боюнча лабораторияларды куруу жаатында кандай жумуштар жасалууда?” – деп сурады.

Бирок министрдин орун басары Нурия Сооронова жооп бере алган жок.

Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>