БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
Кыргызстан Өзбекстандан беш айда 6,1 миң тонна кокон гилас сатып алган
18.07.2023 | 14:43
Кыргызстан Өзбекстандан быйыл беш айда 6,1 миң тонна кокон гилас, 1,5 тонна бадыраң сатып алган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл 5 айда Өзбекстан чет жакка 38,9 млн долларга 32,8 миң тонна кокон гилас жана 4,3 млн долларга 6,3 миң тонна бадыраң саткан.
Өзбекстан кокон гиласты эң көп саткан өлкөлөр:
— Россия – 19,8 миң тонна
— Казакстан – 6,4 миң тонна
— Кыргызстан – 6,1 миң тонна
— Беларусь – 333 тонна
— БАЭ – 36 тонна
— Кытай – 29 тонна
— Малайзия – 17 тонна
— Сауд Арабиясы – 10,5 тонна
Өзбекстан бадыраңды эң көп экспорттогон өлкөлөр:
— Казакстан – 2,6 миң тонна
— Россия – 1,9 миң тонна
— Кыргызстан – 1,5 миң тонна
— Беларусь – 64 тонна
— Тажикстан – 55 тонна
Биздин Телеграм каналга катталыңыз