Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Кыргызстан өзбекстандыктар үчүн эң көп каттаган өлкө болду
26.07.2023 | 10:54
Өзбекстандык туристтер үчүн акыркы жарым жылда Кыргызстан эң көп каттаган өлкө болуп калды. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, 2023-жылдын январь-июнь айларында өзбекстандык саякатчылардын ичинен эң көп барган өлкөлөр Кыргызстан – 815,4 миң адам, Тажикстан – 520,7 миң жана Казакстан – 337,7 миң адам болгон.
Ошондой эле Россия 94 миң адам, Түркияга 75,7 миң, Бириккен Араб Эмираттарына 64,5 миң, Сауд Арабиясына 34,5 миң, Кувейтке 20,8 миң, Египет жана Азербайжанга 12,2 жана 9,1 миң турист барган.
Жалпысынан алты айдын ичинде республиканын 2 миллиондон ашык жараны Өзбекстандан туристтик максатта чыгып кеткен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом