Ташиев паспорт ала албай жүргөн Никитага документтерин тапшырды

Ташиев паспорт ала албай жүргөн Никитага документтерин тапшырды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев паспорт алууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган Никита Гончаровго Кыргызстандын ID картасын жана паспортун тапшырды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-июлда Facebook’ка Никита Гончаровдун УКМК төрагасынын атына паспорт алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылган видеокайрылуусу жарыяланган. Ал 2005-жылы Кыргызстанда туулганын айтып, бирок азыркыга чейин паспорт ала албай жүргөнүн билдирген.

Белгилүү болгондой, Никита Гончаров 7 жашта болгондо, апасы ооруп, каза болуп калган. Ал атасынын колунда чоңойгон.

Акыркы 3 жылда паспорт алууга аракет кылып, мамлекеттик органдарга кайрылганы менен майнап чыккан эмес.

Никита Гончаровдун видеокайрылуусу жарыялангандан кийин улуттук коопсуздук кызматкерлери анын өздүгүн тактоо, архивдик материалдарды чогултуу боюнча иштерди жүргүзгөн.

Бүгүн, 26-июлда Камчыбек Ташиев Никита Гончаровго ID карта жана паспортун тапшырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>