Кыргызстан парламенттик шайлоого Германиядан байкоочуларды катышууга чакырды

24.10.2025 | 11:03

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоого Германиядан эл аралык байкоочуларды катышууга чакырды. Бул тууралуу ал Германия Бундестагынын (парламентинин) депутаты Стефан Майер менен жолугушусунда айтты.

ТИМдин маалыматында, жолугушууда тараптар кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашкан. Анын ичинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, ошондой эле соода, транспорт жана инвестиция тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоого көңүл бурушкан.

Медер Абакиров соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары жандандыруу зарылдыгын белгилеп, ошондой эле инвестициялык жана ишкерлик байланыштарды кеңейтүүнүн, анын ичинде биргелешкен бизнес-иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген.

Мындан тышкары ал жакында парламенттик шайлоо өтө тургандыгы тууралуу айтып, шайлоо процесси ачык жана эл аралык демократиялык стандарттарга ылайык өтүшүн камсыз кылуу максатында Германиядан эл аралык байкоочуларды катышууга чакырган.

Өз кезегинде депутат Стефан Майер эки тараптуу кызматташтыкты, айрыкча соода жана экономика тармактарындагы алакаларды андан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Scroll to Top