“Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Чүй районунун Кошой айылында жайгашкан №7044 шайлоо участогунда добуш берди.
Добуш берип чыккандан кийин ал шайлоонун жүрүшү тууралуу пикирин билдирди.
“Өлкө боюнча жашыруун добуш берүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Шайлоо тынч өтүүдө. Эл шайлаган партия жеңишке жетиши керек. Шайлоочулар туура тандоо жасап, мамлекетибиздин келечеги үчүн добуш беришти деп ойлойм”, — деди Исаев.
[su_image_carousel source=»media: 42671,42672,42673,42674″ crop=»none» autoplay=»4″]