Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Кыргызстан Тажикстан менен чек араны жыл аягына чейин чечүүнү пландоодо
03.11.2023 | 11:41
Кыргызстан Тажикстан менен мамлекеттик чек ара тилкесин делимитациялоону жыл аягына чейин бүтүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу “Жакырчылык жана теңсиздик” улуттук форумунда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон өкмөттөр аралык комиссияга 2024-жылга чейин чек араны тактоо иштерин бүтүрүү тапшырмасын берген.
Белгилей кетсек, октябрь айында Министрлер кабинети Кыргызстан менен Тажикстан 57 чакырым тилке боюнча тил табышканын кабарлаган.
Июнь айында Эмомали Рахмондун маалымат кызматы, чек аранын 102 чакырымы макулдашылганын билдирген.
Ага чейин эки өлкө 980 чакырымдын 664 чакырым тилкеси боюнча талаш жоктугун ырасташкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом