Акназар Кенжебаев шахбокс боюнча дүйнө чемпиону болду

Акназар Кенжебаев шахбокс боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык шахбокс боюнча спортчу Акназар Кенжебаев дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Шахбокс боюнча федерациясы билдирди.

Мелдеш 28-октчбрдан 3-ноябрга чейин Италияда өткөн. Акназар Кенжебаев Түркия, Франция жана Россиядан келген атаандаштарын жеңип, дүйнө чемпиону наамына татыган.

Кенжебаев Кыргызстандын тарыхында шахбокс боюнча дүйнө чемпиону атанган биринчи спортчу болуп калды.

Шахбокс — шахмат менен боксту айкалыштырган спорттун түрү. Ал 2004-жылы Германияда пайда болуп, алгачкы дүйнө чемпионаты Нидерландда өткөн.

Шахбокстун эрежесине ылайык, таймаш 11 раунддан турат. Анын алтоо шахмат, бешөө бокс боюнча өтөт. Шахмат боюнча беттеш 4 мүнөткө, бокс боюнча беттештер 2 мүнөткө созулат. Спортчулар мээлей алмаштыруу үчүн өзүнчө убакыт берилет. Беттештин 1-раунду бокс менен башталат.

Таймаштын жүрүшүндө шахматтан мат койгон же бокстан атаандашын нокаутка кетирген спортчу жеңишке жетет. Башкача айканда, спортчу атаандашын бокстан же шахматтан утуп алса болот. Ошол эле учурда, спортчулар тең чыккан учурда, жеңиш шахматтан кара фигуралар менен ойногон спортчуга берилет.

Бул спорттогу мелдештерде атаандашына бокстон утулуп жатып, шахматтан жеңген же шахматтан жеңилип, бокстан утуп алган учурлар болот.

Кыргызстанда ШахБокс федерациясы түзүлдү. Жаңы спорттун түшүндүрмөсү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>