Кыргызстан жашылчаларды тоңдуруп, экспортко чыгара баштайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен «Кыргызцентпродукт» логистикалык борбору кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшкан.
Келишимге ылайык, аталган логистикалык борбор брокколи, түстүү капуста, стручковый фасоль, помидор жана башка жашылчаларды ыкчам тоңдуруу (шоковая заморозка) технологиясы менен кайра иштетип, таңгактап, экспортко даярдайт. Андан кийин продукция коңшу мамлекеттерге экспорттолот.
Министрлик жогорудагы жашылчаларды өстүргөн жергиликтүү дыйкандарды «Кыргызцентпродукт» менен кызматташууга чакырды. Ишкананын дареги: Чүй облусу, Беловодское айылы, Шолохова көчөсү, 12/10.
Белгилей кетсек, бул иштер «3+2» долбоорунун алкагында ишке ашууда.