Кыргызстан Түркиянын Бурса шаары менен кызматташууну өнүктүрүүдө

04.09.2025 | 12:50

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Бурса провинциясынын губернатору Эрол Аййылдыз, миграция иштери боюнча башкармалыктын башчысы Хашим Озджан жана Бурса шаарынын мэри Мустафа Бозбей менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы элчилик кабарлады.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги, ошондой эле Бурса провинциясында жашаган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин талкуулашкан.

Ошондой эле Бурса шаары менен Кыргызстандын аймактарынын жана шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү аркылуу өз ара кызматташтыкты тереңдетүү маселеси каралган.

Соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө максатында тараптар эки өлкө ортосунда жумушчу сапарларды уюштурууну макулдашкан.

Белгилей кетсек, Бурса шаары — Түркиянын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан ири шаар. Анын экономикасынын негизги тармактарына унаа өнөр жайы, текстиль, соода, айыл чарба, туризм, пайдалуу кендер жана башка тармактар кирет.

Миграция башкармалыгынын маалыматына ылайык, Бурса провинциясында учурда 117 кыргыз жараны мыйзамдуу негизде жашап жана иштеп жатат.

Scroll to Top