Кыргызстан жана Казакстан ири суу сактагычтар боюнча гидрологиялык маалымат алмашууну жандандырды

10.02.2026 | 13:17

Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын тармактык мекемелери 2026–2028-жылдарга карата гидрометеорология жаатындагы кызматташтыктын Программасына кол коюшту. Документ Токтогул, Киров жана Орто-Токой суу сактагычтары боюнча ыкчам маалымат алмашуунун тартибин жөнгө салат.

Келишимге КР Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун жана КРнын Суу ресурстары жана ирригация биринчи вице-министри Нурлан Алдамжаровдун жетекчилиги астындагы делегациялардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен кол коюлду. Өз ара аракеттенүү эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык кеңешинин 2025-жылдын ноябрындагы протоколун аткаруунун алкагында уюштурулду.

Бекитилген регламент чек ара аралык артериялардын бассейндериндеги дарыялардын агымы тууралуу маалыматтарды берүүнү, жаан-чачындын топтолушуна мониторинг жүргүзүүнү жана штормдук эскертүүлөрдү өз убагында берүүнү карайт. Ошондой эле тараптар учурдагы гидрологиялык божомолдор тууралуу бири-бирин маалымдоо боюнча милдеттенмелерди бекитишти.

Программаны ишке ашыруу сел кырдаалдарын болжолдоонун тактыгын жогорулатууга жана дарыялардын төмөнкү агымындагы калктын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Стратегиялык суу сактагычтардагы суунун көлөмү жөнүндө маалыматтарды өз убагында алуу эки республикага тең ресурстарды бөлүштүрүүнү натыйжалуу пландаштырууга жана гидрогендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча иш-аракеттерди координациялоого мүмкүндүк берет. Документ ошондой эле суу ресурстары чөйрөсүндө биргелешкен илимий-техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн негиз түзөт.

Scroll to Top