Кыргызстан Жапониянын ири банкы MUFG Bank кызматташууну талкуулады

Кыргызстандын Каржы министрлиги Жапониянын ири коммерциялык банкы жана дүйнөдөгү эң ири финансы институттарынын бири болгон MUFG Bank’тын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, стратегиялык кызматташтыкты талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга каржы министри Алмаз Бакетаев, министрдин орун басары, Борбордук казыналыктын директору Үмүтжан Аманбаев жана Эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Акжолов катышкан.
Жолугушууда каржы министри Бакетаев реформаларды колдоого жана өлкөнүн каржы тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн MUFG BANK өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирген.
Ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1 жана “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” эл аралык темир жолу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуудагы өнөктөштүк потенциалына өзгөчө көңүл бурулган.
Жолугушуунун жыйынтыгында министр Алмаз Бакетаев MUFG Bank’тын делегациясын чакырып, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү тереңирээк талкуулоону сунуштаган.