Базар-Коргон — Кызыл-Үңкүр жолу үч жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келетКыргызстанда күздүк дан өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү сатыкка чыктыБишкектеги орус театрында Вячеслав Виттихтин «Өлүк жандар» спектакли көрсөтүлөтОшто жергиликтүү дыйкандар менен өндүрүшчүлөрдүн «Түштүк Экспо-2026» жарманкеси өтүүдө«Батыш ишеним кризисине кабылды» — ЕАЭБдин товардык-чийки зат биржасынын башчысы«Тазалык» ишканасына 22 даана атайын техника тапшырылды
Казакстан Каспий деңизинин боюна чакан атомдук станция курууну кароодо
03.10.2025 | 13:48

Казакстандын Атомдук энергия агенттиги Каспий деңизинин жээгине чакан атомдук электр станция куруу мүмкүнчүлүгүн кароодо. Бул тууралуу казакстандык KZ24news агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, азырынча станциянын жайгаша турган жери так аныктала элек. Бирок МАГАТЭнин эл аралык стандарттарына ылайык, сейсмикалык жаткан туруктуу, коопсуздук деңгээли жогору жана суу менен жетиштүү камсыздалган аймакты табуу боюнча деталдуу изилдөөлөр жүргүзүлөт.
“Долбоор Казакстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Чакан жана орто реакторлор аймактарда жергиликтүү энергия булактарын түзүүгө, энергетикалык көз карандылыкты азайтууга жана көмүр суутек ресурстарына болгон муктаждыкты кыскартууга шарт түзөт”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар