УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышатБишкекте ШКУнун экологиялык мекемелеринин жыйыны башталды
Кыргызстанда 20-октябрдан 10-ноябрга чейин айыл чарба каттоосу жүрөт
02.10.2025 | 16:00

2025-жылдын 20-октябрынан 10-ноябрына чейин Кыргызстанда айыл чарба каттоосу өтөт.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, каттоо өлкөнүн айыл чарба тармагынын учурдагы абалы боюнча так жана толук маалымат алууга багытталган.
Каржылоо:
- Республикалык бюджеттен 277,7 млн сом бөлүндү;
- БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан кошумча 55 миң доллар колдоо көрсөтүлдү.
Ишке тартылгандар:
- 1179 эсепчи – 2025-жылдын 15-майынан 15-июнуна чейин чарба субъекттеринин тизмесин такташкан;
- 4494 эл каттоочу – 20-октябрдан 10-ноябрга чейин маалымат чогултат;
- 898 инструктор-көзөмөлчү – 1,5 ай каттоонун сапатына көз салат;
- 220 координатор – уюштуруучулук колдоо көрсөтөт.
“Каражаттын басымдуу бөлүгү каттоого тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө жумшалат, калган бөлүгү иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө сарпталат”,-деп айтылат Статкомитеттин билдирүүсүндө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом