Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Кыргызстанда 2,3 миң чет элдик IT адис “Cанариптик көчмөн” макамы менен иштейт
23.07.2024 | 14:06
Эки жылда 2,3 миңден ашуун чет элдик жаран “Cанариптик көчмөн” макамын алышты. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Алардын 239уна жыл башынан бери берилди.
Көчмөн статусу Россия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Армения, Молдова, АКШ, Улуу Британия Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу, Германия, Япония, Корея, Индиянын жараны болгон IT адистерге берилет.
Алар иштөөгө уруксат алуудан, убактылуу жүргөн жери боюнча каттоодон бошотулат, ПИН автоматтык түрдө алат, ошондой эле жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Юстиция министрлигинен жана МСКдан кызмат ала алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом