Кыргызстанда 5 жаңы айыл пайда болду

Кыргызстанда 5 жаңы айыл пайда болду

Президент Садыр Жапаров “Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 10-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкү калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү каралган:

– Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагынын Атантай калктуу конушу;

– Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С. Атабеков айыл аймагынын Кыдырша калктуу конушу;

– Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Арык-Уулу калктуу конушу;

– Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Гүлистан калктуу конушу;

– Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак калктуу конушу.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзам менен жаңы түзүлгөн айылдардын чек араларынын баяндалышы бекитилүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>