Кыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалды

Кыргызстанда 73 жаштагы бейтапка жүрөктүн аорталдык клапанын имплантациялоо боюнча уникалдуу операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, операция октябрь айынын башында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жасалган. Операцияны эндоваскулярдык хирургия боюнча илимий-изилдөө бөлүмүнүн башчысы Олег Крестьянинов жана рентгенхирургия жана курч коронардык синдром бөлүмүнүн башчысы Абай Турдубаевдин жетекчилиги астында кыргыз хирургдарынын командасы биргелешип жүргүзүшкөн.
Бейтапка «Критикалык аорталык стеноз жана жетишсиздик, митралдык жана трикуспиддик клапандардын III даражадагы жетишсиздиги» деген диагноз коюлган.
Адистердин айтымында, операция абалы өтө оор бейтапка жасалган. Бардык тобокелдиктерге карабастан, операция ийгиликтүү аяктаган.
Учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Жакында ал үйүнө чыгарылып, дарыгерлердин амбулатордук көзөмөлүнө алынат.
“Бул операция Кыргызстанда жогорку технологиялуу кардиохирургиянын өнүгүп жаткандыгын жана буга чейин чет өлкөдө гана жасалып келген татаал операцияларды азыр өлкө ичинде да ийгиликтүү жүргүзүүгө мүмкүн экендигин дагы бир ирет тастыктады”,- деп билдирди министрлик.