ЖККУ Беларуста биологиялык коркунучтардан коргонуу боюнча «Барьер-2026» машыгууларын өткөрөтЧүй облусунда эки жаранды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, төрт адам кармалдыТокмоктун мурдагы мэри Максат Нусувалиев абактан чыгарылып, иши кайра кароого жөнөтүлдүАдылбек Касымалиев Бишкектеги Соттук-медициналык экспертиза борбору үчүн жаңы имарат курууну тапшырдыАла-Бел ашуусуна кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылдыДастан Бекешев мопеддерге коюлган жаңы талаптардан улам курьерлердин массалык жумушсуз калуу коркунучун эскертти
Кыргызстанда акыркы бир айда сүт 10% га кымбаттады
03.12.2021 | 15:23
Кыргызстанда пастеризацияланбаган сүттүн баасы туруктуу өсүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2-декабрга карата республика боюнча сүттүн орточо баасы литрине 46,58 сомду түздү.
Ошону менен бирге, 30-ноябрга карата баа 44,61 сомду түзүп, ноябрь айындагы орточо баага (42,3 сом) карата 4,41%га, 10,1%га өсүү белгиленген.
ЕЭКтин маалыматы боюнча, ушул жылдын январь-октябрь айларында ЕАЭБде сүт өндүрүүнүн өсүшү катталган. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Казакстанда – 3,2%га, Беларуста – 0,7%га, Кыргызстанда – 1,9%га өсүш белгиленген. Кыргыз Республикасында реалдуу көлөмдө 1 млн 472,3 миң тонна сүт өндүрүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика