Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Кыргызстанда аялдар күнүнө үй иштерине эркектерден 5 эсе көп убакыт коротот
06.03.2024 | 13:42
Статистика комитети Кыргызстанда аялдар менен эркектер үй иштерине күнүнө канча убакыт сарптай турганын эсептеп чыкты.
Статистика комитети белгилегендей, өлкөдө үй жумуштары аялдар жасай турган иш катары гана каралат.
Кыргызстанда аялдар күнүнө үй иштерине орточо 4 саат 20 мүнөтүн коротот. Ошол эле учурда аялдар эркектерге караганда үй жумуштарына 5 эсе жана балдарды тарбиялоого 2,3 эсе көп убакыт жумшайт.
Ошондой эле айыл жергесинде жана шаарда турган аялдардын үй жумуштарына бөлгөн убактысында чоң айырмачылык бар. Айылда жашагандар шаардагыларга салыштырмалуу 1,2 эсе көп убакыт сарптайт.
Спорт, таза абада сейилдөө жана башка активдүү эс алууга кыз-келиндер жумасына болгону 1 саат 24 мүнөтүн кетирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом