Бишкекте тургун 62 миң сомдук iPhone’ун шылуунга алдырып жиберген

Бишкекте тургун 62 миң сомдук iPhone’ун шылуунга алдырып жиберген

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, быйыл 15-январда шаар тургуну 62 миң сомдук iPhone 14 Pro Max телефонун сатмакчы болгон. Телефонду алып жаткан жаран акчаны мобилдик тиркеме аркылуу которгон. Ал онлайн-чекти көрсөткөндүн кийин акча которууну жокко чыгарып, iPhone’ду алып кетип калган. Бул окуядан кийин жабырлануучу 28-февралда милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция бул ишке шектүү катары 27 жаштагы Ш.М. аттуу жаранды кармады. Учурда анын башка алдамчылык фактыларына катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(502) 14-43-14, 0(502)  12-05-70, 0(509) 10-01-88  же 102 номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>