Депутат: Мэр жарандарды үйдөн кубалап чыкканга чейин барбаш керек болчу

Депутат: Мэр жарандарды үйдөн кубалап чыкканга чейин барбаш керек болчу

Бишкектеги Орто-Сай базарына жакын Сүйөркулов 16/1 дарегинде жайгашкан имаратта жашап жаткан тургундардын үйүнөн чыгарылышы боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү.

Жыйында депутат Дастан Бекешев буга чейин ал шылуундар жарандарды алдап, бизнес борбордогу бөлмөлөрдү үй катары сатып жатканы тууралуу мамлекеттик органдарга бир нече ирет кайрылганын, бирок алар көңүл кош болуп койгонун айтты.

«Мен «бул жакта шылуундар пайда таап жатат» деп Башкы прокуратурага бир нече жолу кат жолдогом, мэрияга жазгам. Эми жарандар акчасын берип, үйсүз калды. Мен 2022-2023-жылдары кат менен кайрылгам. Бирок мамлекеттик органдарды ал нерсе кызыктырган эмес. Эмне себептен арыз кызыга баштады?», — дейт ал.

Бекешев президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, үйүнөн чыгарылган жарандарга жардам берүү керектигин белгиледи.

«Үйүнөн чыгарылган жарандарга адамгерчиликтүү мамиле жасаш керек. Аларга жардам берүү кажет. Алмасбек Акунжанович бул маселени президент Садыр Нуркожоевичке жеткирүү керек. Бизде резервдик фонд деген бар. Ошол жактан жардам берүү зарыл. Алар селсаяк болуп калбашы керек. Алар күнөөлүү эмес. Мамлекеттик органдар убагында көңүл бурса, жарандар шылуундарга акчасын бербейт болчу. Тилекке каршы мамлекеттик органдар көңүл бөлбөй, ушул нерсеге алып келди», — деди Бекешев.

Кесиптешинин айткандарын колдоп депутат Максат Сарбагышев «эмне себептен тургундар кыш күнүндө, сырттагы суукка карабастан көчөгө чыгарылды?» деген суроо салды. Мындан улам ал жарандарды жашаган жеринен суукта көчөгө чыгарып койгон органдардын иш-аракетинин мыйзамдуулугун текшерүү маселесин көтөрдү.

Аталган маселе боюнча депутат Марлен Мамателиев да оюн билдирип, мэр Айбек Жунушалиевди сынга алды.

«Ал жерде мэрдин кызыкчылыгы барбы?! Мэр жарандарды кууп чыгарып жатат! Мэр элдин кызыкчылыгын ойлош керек да. Инвесторлорду колдоо керектигин түшүнөм, бирок мэр жарандарды үйдөн кубалап чыкканга чейин барбаш керек да. Мэрдин да жоопкерчилигин кароону сунуштайм», — деди Маматалиев.

Жергиликтүү ММКлар жазгандай, Сүйөркулов 146/1 дарегинде жайгашкан имарат «Нур-Жаннат-ЛТД» компаниясына таандык. Аталган компания имарат турган 12 сотых жерди бизнес борбор салуу үчүн 49 жылга ижарага алган. Имаратты салып баштап, кийин курулушту улантуу үчүн «Квартал Строй» компаниясын жалдаган. Долбоор боюнча 9 кабаттуу имараттын 2 кабаты бизнес үчүн, калгандары жумуш кеңсе катары салынган. Бирок жалданма компания («Квартал Строй») жана айрым ортомчулар жогорку кабаттагы бөлмөлөрдү жарандарга батир катары сатып жиберген.

1-мартта 60тан ашык үй-бүлө мамлекеттик органдар тарабынан жашаган жеринен көчөгө мажбурланып чыгарылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>