«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Кыргызстанда балдардын укугун коргоонун бир айлыгы жарыяланды
07.02.2022 | 13:26
Кыргызстанда балдардын укугун коргоонун бир айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун жетекчиси Аскат Азарбеков маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул пландаштырылган иш-чара.
«Бирок биз 15-февралдан тарта баштайлы дедик, бирок Сокулуктагы окуя эрте баштоого түрткү болду», – дейт Аскат Азарбеков.
Эске салсак, 3-февралда Сокулук аймактык ооруканасына эки жашар наристе сабалган абалда түшкөн. Анын денесине гематомалар болгон. Баланы кыйноого алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Милиция кызматкерлери тарабынан 34 жаштагы С.А. баланы мыкаачылык менен сабаган кылмышка шектүү катары кармалган. Ал тергөө амалдарынын жүрүшүндө камакка алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом