Кыргызстанда Базар-Коргон шаары түзүлөт

Кыргызстанда Базар-Коргон шаары түзүлөт

Кыргызстанда Базар-Коргон шаары түзүлөт. Бул тууралуу Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жалал-Абад облустунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаары болот.

Мыйзам 2021-жылдын 20-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзам менен Кыргызстанда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагынын Жети-Кошкон, Беш-Бадам жана Базар-Коргон айылдарынын, Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын, ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын Совет, Аук айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштарынын чегинде Базар-Коргон айыл аймагынын базасында административдик-аймактык бирдик катары Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү сунушталууда.

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>