Кыргызстанда бир нече айылдын атын өзгөртүү сунушталууда. Өкмөт даярдаган тиешелүү мыйзам долбоору Жогокру Кеңешке келип түштү.
Өкмөт Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көлдөгү айылдардын аттарын өзгөртүүнү сунуштоодо.
Ага ылайык:
— Жалал-Абаддын Аксы районунун Таштак айылын Малкалды, Ноокен районунун Параканда айылын — Баракелде;
— Нарындын Кочкор районунун Большевик айылын — Баялы Исакеев;
— Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ынтымак айылын — Шадыкан, Манас районунун Новодонецк айылын — Айтматов, Талас районунун Козучак айылын — Жанкороз Олуя, Балбал айылын — Жаныбек Баатыр;
— Чүй облусунун Москва районунун Чоң-Арык айылын — Сыйдалы:
— Ысык-Көлдун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылын — Ак-Суу айылы деп өзгөртүү каралган.