Акжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда«Бишкек Арена» стадионунун ачылышына карата шаарда акысыз автобус каттамдары уюштурулат
Кыргызстанда бир нече айылдын атын өзгөртүү сунушталды
04.11.2024 | 17:31
Кыргызстанда бир нече айылдын атын өзгөртүү сунушталууда. Өкмөт даярдаган тиешелүү мыйзам долбоору Жогокру Кеңешке келип түштү.
Өкмөт Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көлдөгү айылдардын аттарын өзгөртүүнү сунуштоодо.
Ага ылайык:
– Жалал-Абаддын Аксы районунун Таштак айылын Малкалды, Ноокен районунун Параканда айылын – Баракелде;
– Нарындын Кочкор районунун Большевик айылын – Баялы Исакеев;
– Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ынтымак айылын – Шадыкан, Манас районунун Новодонецк айылын – Айтматов, Талас районунун Козучак айылын – Жанкороз Олуя, Балбал айылын – Жаныбек Баатыр;
– Чүй облусунун Москва районунун Чоң-Арык айылын – Сыйдалы:
– Ысык-Көлдун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылын – Ак-Суу айылы деп өзгөртүү каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом