Бир сутка ичинде 17 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Коронавирустан төмөнкү аймактардан айыгып чыкты:
Бишкек ш. – 10
Баткен облусу – 4
Нарын облусу – 1
Жалал-Абад облусу – 2.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 726 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.