Кыргызстанда бир жумада 188 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 30-сентябрдан 6-октябрга чейин өлкөдө 19 миң 51 жол эреже бузуу аныкталган. Жол эреже бузуу фактылары боюнча 1 миң 834 унаа айып короого коюлган.