Кыргызстанда бир жумада 228 мас айдоочу кармалды
Кыргызстанда акыркы жумада 21 миң 839 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Анын ичинен:
– тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 233;
– мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 228;
– авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 59;
– жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 641;
– транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 5321;
– авто ээнбаштык – 5;
– белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3609;
– жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
– башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 ми741;
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 640 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз