Бишкекте «Бандит» рейди өткөрүлдү

Бишкекте «Бандит» рейди өткөрүлдү

Бишкек шаарынын аймагында «Бандит» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, рейд 15-16-июнь күндөрү өткөрүлгөн. Иш-чарага Бишкек шаардык милициядан 742 кызматкер тартылган.

«Бишкек шаарынын  аймагында криминогендик кырдаалды турукташтыруу, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, соттон жана тергөөдөн изин жашырып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтордун субъекттерин издөөнү активдештирүү, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды жана ок-дарыларды аныктоо жана алуу, ошондой эле укук бузууларды алдын алуу, коомдук тартипти камсыздоо, инсанды, коомду кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыздоо чөйрөсүндөгү чараларды ишке ашыруу максатында Бишкек шаардык милициянын Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан 15-16-июнь күндөрү «Бандит» аталышындагы ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Ммилициядан белгилешкендей, мындай алдын алуу иш-чаралары дайыма өткөрүлүп турат жана ал кылмыштуулукту алдын алууга, ар кандай кылмыштарга бөгөт коюга жана анын бетин ачууга, кылмыштуу идеологияны үгүттөгөндөрдү жана коомго каршы аракеттерди жасашкандарды аныктоого багытталган.

Аталган операцияны өткөрүү маалында шаардын аймагында бир катар кылмыш иштердин бети ачылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>