Кыргызстанда бир жумада 367 мас айдоочу кармалды

05.02.2024 | 23:20

Кыргызстандын аймагында бир жума ичинде 21 680  жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 29-январдан 4-февралга чейин, алдын ала маалымат боюнча 21 680 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

– Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-291 ;

– Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -367;

– Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-57;

– Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1726 ;

– Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3336;

– Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3181;

– Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;

– Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 716 ;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2151 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top