Президент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыратты
Кыргызстанда бир жумуда 362 мас айдоочу кармалды
28.01.2025 | 10:18
Кыргызстанда бир жумуда 362 мас айдоочу кармалды. Бул Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20нан 26-январга чейин өлкөдө 22 миң 814 жол эреже бузуу аныкталып, 2 миң 631 унаа айып короосуна коюлган.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар – 614;
- Мас айдоочулар – 362;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 96;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 196;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 миң 418;
- Автоээнбаштык – 19;
- Ылдамдыкты ашырып айдоо – 3 миң 366;
- Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 7;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 105.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом