Чолпон-Атадагы этнофестивалда дүйнөлүк жылдыздардын кимиси өнөр көрсөтөрү белгилүү болду — кенен маалымат«Мындай окуя 50 жылда бир болот»: Роза Зергерли Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи тууралуу«Аккую» АЭСи жана туризм: Бишкекте Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүлөрү өттүДаярдыктан «памперстерге» чейин: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине ат шоусу кандайча даярдалган?Дастан Бекешев мектептер, мугалимдер жана бүтүрүүчүлөр үчүн эрежелерди өзгөртүүнү сунуштадыСадыр Жапаров Бишкектеги «ШКУ+» саммитинин жыйынтыгын чыгарды
Кыргызстанда бир жумуда 362 мас айдоочу кармалды
28.01.2025 | 10:18
Кыргызстанда бир жумуда 362 мас айдоочу кармалды. Бул Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20нан 26-январга чейин өлкөдө 22 миң 814 жол эреже бузуу аныкталып, 2 миң 631 унаа айып короосуна коюлган.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар – 614;
- Мас айдоочулар – 362;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 96;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 196;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 миң 418;
- Автоээнбаштык – 19;
- Ылдамдыкты ашырып айдоо – 3 миң 366;
- Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 7;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 105.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом