Кыргызстанда COVID-19дан бир күндө 5 адам көз жумду

Кыргызстанда COVID-19дан бир күндө 5 адам көз жумду

Соңку суткада коронавирустан 5 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Баткен облусунда 2, Ош облусунда 1 адам илдеттен көз жумган.

Ошондой эле бир күндө 565 адамдан коронавирус аныкталган.

Алар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 119
Ош — 17
Чүй облусу – 69
Ош облусу — 86
Талас облусу — 19
Нарын облусу — 3
Ысык-Көл облусу – 40
Жалал-Абад облусу – 133
Баткен облусу — 79

Муну менен республикада коронавирус жуктургандардын жалпы саны 59 443кө жетти.

Ошондой эле соңку суткада 426 адам илдеттен сакайган. Муну менен аталган дарттан айыккандардын саны 50 409га жетти.

Пандемия башталгандан бери коронавирустан Кыргызстанда 1150 адам көз жумду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>