«Баатыр эне» энелеринин балдарына окуу боюнча жеңилдиктер. ЖК комитети мыйзам долбоорун жактырды«Кыргызстанга жыл бою иштөөчү туризм керек». Сергей Глуховеров — сезон, жаңы каттамдар жана тармактын келечеги тууралууКР Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Венгриянын премьеринин кеңешчиси глобалдык коопсуздук маселелери боюнча позицияларын такташтыКыргызстанда туризмдин кирешеси 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 млрд долларга жеттиНарында эки адамды сүзүп кеткен айдоочу 23 жаштагы аскер кызматчысы экени белгилүү болдуТрамп Ирандын мунай ресурстарына АКШнын көзөмөлүн орнотуу мүмкүнчүлүгүн четке какпайт
Кыргызстанда дагы 420 адам коронавирус жуктуруп алды
02.08.2020 | 12:02
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча 420 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу 2-августта республикалык штабдан билдиришти.
“Бишкекте 112, Ош шаарында 19, Чүй облусунда 13, Ош облусунда 55, Талас облусунда 8, Нарын облусунда 15, Ысык-Көл облусунда 98, Жалал-Абад облусунда 79, Баткен облусунда 21 кишиден вирус чыккан.
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 848 бейтап айыгып, үйүнө чыккан.
18-марттан 2-августка чейин өлкөдө жалпы 36 719 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 27 274 адам илдеттен айыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом