Кыргызстанда «Дүйнөнү өзгөрткөн айым» аттуу VI эл аралык конкурсуна арыздарды кабыл алуу башталды
Кыргызстанда «Мекендеш айымдар союзу» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган «Дүйнөнү өзгөрткөн айым» VI эл аралык конкурсуна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Долбоор айымдардын кесиптик, коомдук, маданий жана билим берүү тармактарындагы эмгегин таанууга, ошондой эле алардын лидерлик сапаттарын жана демилгелерин колдоого багытталган.
Бул иш-чара жыл сайын өткөрүлүп турат жана Кыргызстандын гана эмес, башка өлкөлөрдүн катышуучуларына да тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүп берет. 2026-жылкы конкурс үч этап менен өтөт: биринчи этап — арыздарды кабыл алуу, 18-февралга чейин созулат, андан кийин калыстар тобу материалдарды баалоого киришет, ал эми жыйынтыктарды расмий жарыялоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 5-мартка пландаштырылган.
Жеңүүчүлөр медицина, илим, маданият, спорт, социалдык иш сыяктуу түрдүү номинациялар боюнча, ошондой эле «Куралдуу Күчтөр жана укук коргоо органдары», «Мугалим жана Насаатчы 2026», «Баатыр эне» жана «Жылдын жаштар долбоору» категориялары боюнча аныкталат.
Долбоорго катышуу үчүн 18-февралга чейин конкурстун расмий сайтында анкета толтуруп, өзү тууралуу кыскача видеопрезентация даярдоо зарыл. Уюштуруучулардын айтымында, конкурс айымдардын жетишкендиктеринин коомчулук тарабынан бааланышына шарт түзөт жана жаштарды жигердүү социалдык жана кесиптик демилгелерди ишке ашырууга шыктандырат.