Нооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайт
Кыргызстанда дыйкандарга лизинг аркылуу техника берилүүдө
17.09.2025 | 13:35

2011‑жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында «Гослизинг-1–6» кредиттик линиялары жана Евразия Өнүктүрүү Банкы (ЕАБР) тарабынан жүргүзүлгөн долбоорлор активдүү иштеп жатат.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, долбоорлорду «Айыл Банкы» ААК жана «Элдик Банкы» ААК аткаруучу оператор катары ишке ашырууда. Лизинг негизги фонддорду техникалык жабдуу, машина-трактор паркын модернизациялоо жана техникалык тейлөөнүн инфраструктурасын кеңейтүү аркылуу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү максат кылат.
2011-жылдын башынан бери, мал чарбасын эске албаганда, республика боюнча жалпы 24 млрд сомдук 8 735 даана ар түрдүү айыл чарба техникасы лизинг аркылуу берилди.